Channel Avatar

Билим Майнаев @UCkK3Nr-9X-NRZuja-bgKKtQ@youtube.com

0 subscribers - no pronouns :c

“Билим Майнаев” официалдуу YouTube каналы! 📌Каналга каттал


Welcoem to posts!!

in the future - u will be able to do some more stuff here,,,!! like pat catgirl- i mean um yeah... for now u can only see others's posts :c

Билим Майнаев
Posted 1 week ago

Устаздар менен умрага сапар.

“Лидер умра” компаниясы устаздар менен бирге жерлердин эң ыйык жери Медина жана Мекке шаарына умра сапарын уюштуруп баштады.

Сиздердин мүмкүнчүлүгүңүздөргө карап “эконом”, “стандарт”, “комфорт” жана “ВИП” пакет кылып, эң мыкты шарттарды түзүп берет. Медина жана Мекке шаарындагы жаңы бардык шарты түзүлгөн мейманканаларга жайгаштыруу.

Пайгамбарыбыздын мечитине жана Меккедеги Каабага жакын жөө басып бара турган мейманканаларга орноштуруу. Мейманканаларда эки маал швед столу, түрлүү тамактардан турган ресторан, Мединадан Меккеге ылдам поезд менен жеткизүү,

Мекке жана Мединадагы бардык тарыхый жерлерди зыярат кылуу, Ухуд тоосу, Куба мечити, эки кыбылалуу мечит, Ухуд тоосу курма бак, Мина өрөөнү, Муздалифа өрөөнү, Арафат тоосу, Нур тоосу, Савр тоосу жана Куран басмаканадан ар бир умрачыга Куран китеп белек. “

Лидер умра” - ар бир умрачыга умрада колдоно турган сумка, жайнамаз, форма, умра туурасында керектүү китептерди белекке тапшырат. Умра сапардын аягында Жидда шаарында Кызыл деңизге алып барып экскурция кылат. “Лидер умра” сапарыбыз бирге.

👇

Байланыш телефон: 0707 15 08 15
@liderumra
@liderumra

281 - 25

Билим Майнаев
Posted 2 months ago

Америкада кыргыздар чиркөөнү сатып алып, аны мечит кылып жатат. Ал мечитте, буюрса, жума намаз окулуп, аялдарга өзүнчө, эркектерге өзүнчө сабак өтүлмөкчү. Андан тышкары Кыргызстандан барган устаздар, аалымдар ошол жерде жолугушууларды өткөзүп, сабактарды, баяндарды уюштуруп турат.
Бардыгыбыз колдон келген салымыбызды кошолу! Биз сөз менен курулай колдоп эмес, аз да болсо бир миллион (1 000 000) сом коштук.
Көп түкүрсө көл болот! Кудай буюрса, сиздердин колдооңуздар менен биринчи жолу кыргыздардын тарыхында Америкада алгачкы мечит курулат.

МБАНК
Номер счета
1030120310477430
Номер карты
4177 4901 6700 0365
Номер телефона
500414000
Имя: АБЫЛОВ ЭЛБЕК

ОПТИМА БАНК
Номер счета
1090169000248462
Номер карты
4169 5853 4994 0345
Номер телефона
500414000
Имя : АБЫЛОВ ЭЛБЕК

Видео толугу менен: https://youtu.be/z5k-wJDpBFE

291 - 17

Билим Майнаев
Posted 2 months ago

Ассалому алейкум урматтуу замандаштарым! Биздин кезектеги маегибиз ‪@naktapodcast‬ ютуб каналында болду. Бул жакта мен жөнүндө жана башка ар түрдүү темаларга тиешелүү нерселерден кеп козгодук. Көрүп жакындарыңыз менен бөлүшүп, ой-пикирлериңизди калтыра кетсеңиздер кубанычта болобуз Ин шаа Алла. Баарыңыздарга пайдасы тиет деген үмүттөбүз😊
Жалпыңыздарга жагымдуу көрүү каалайбыз!

60 - 3

Билим Майнаев
Posted 3 months ago

Тил жоголсо улут жоголот!
Сиздер үчүн эртең жаңы чыгарылышыбызды тартуулайбыз😊

Бул чыгарылышта “Тилимпоз” долбоорунун жетекчиси Тилек Нурдинов менен маек курдук.
Барыңыздарга жагымдуу көрүү каалайбыз!

Видео толугу менен: https://youtu.be/cDeDcqIJL5c

225 - 2

Билим Майнаев
Posted 3 months ago

1-июнь балдар күнүнө карата биз өз кылган кайрымдуулугубузду сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк😊
Биздин кезектеги кайрымдуулук ишибиз ДЦП менен ооруган балдардын ата-энелерине болуп өттү ошондой эле "ЛИДЕР УМРА" компаниясынан 2 сертификат акысыз берилди.
Видео толугу менен: https://youtu.be/Rptnoc1ee-Y?si=XsVZE...

242 - 7

Билим Майнаев
Posted 4 months ago

Ассалому алейкум! Урматтуу бир туугандар сиздерден сурамжылоо кылып кетели деп чечтик.
Биздин жеке ютуб каналыбыздан эмнелер жөнүндө көбүрөөк чыгуусун каалайсыздар?

Өз оюңузду же сунушуңузду комментарийге жазсаңыз болот✅

214 - 70

Билим Майнаев
Posted 4 months ago

Билим Майнаев-жалкоого жумуш табылбайт!
Ар бир кесип ардактуу. Кесипти танда же жакырчылыкты танда!
Айтайын дегеним, өлкөбүздө эң азы 50% жумушсуз, туруктуу иш оруну жок. Анысы аз келгенсип, атайын окутулган, даярдыктан өткөн адистер жокко эсе. Майлуу сүттү жер эч качан бош калбайт дегендей, биз бир кесипти аркалап, бир жерде туруктуу иштебегендиктин себебинен ар кайсы жактан мигранттар келе баштады.
Алар азыр күнүнө акча табыла турган жумуштардын баарына орношо баштады. Мисалы, тигүү тармагы, такси, жеткирүү жана башка ушуга окшогон жумуштар, жадагалса, унаа жуугуч, куруу - баарында индустар, пакистандыктар, бангладештиктер толуп кетти. Булар арзан жана тез иштешет, тойго кетип калмай адаты жок, кечикпейт дагы, анан кыкеңе карганда аябай эле тыйынды да аз алышат.
Эми элестетип көрөлү, 10 жылдан кийин эмне болот? Индия - 1,5 млрд, Пакистан – 240 млн, Бангладеш - 150 млн. Булар дүйнө жүзүн каптаган, эгер Кыргызстанды да каптаса, баягы сен чанып, айлыгы төмөн деп иштебей жүргөн жерлерде жакында каалап-самаган күндө деле сага орун жок болот.
Ойлон! Бир кесипти тандап, ошону мыкты аркалаганга аракет кыл! Иш билги, дасыккан, колунан көөрү төгүлгөн, оозунда сөзү бар адис болсоң - эч качан кор болбойсун! Болбосо, жалкоолук жакында жаныңа жетет. Иш сүйгөн колдон тоо кулайт, иш качкан колдон камыш да сынбайт.

Каналга катталып видеону жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар жана лайк басып, комментарий калтырыңыздар!

Толук видео төмөнкү шилтемеде: https://youtu.be/s2k0IJphnz0?si=GB2h0...

instagram: www.instagram.com/bilim.mainaev?igsh=dXloYnJ4a2N6Y
tik-tok: www.tiktok.com/@bilim.mainaev?_t=8lqRki8OwBl&_r=1

320 - 11

Билим Майнаев
Posted 4 months ago

Эл бузгунчуларына чукул кайрылуу - Билим Майнаев
Толук видео төмөнкү шилтемеде: https://youtu.be/jD9k_W5Y4-Y

Кыргыздын каада-салтына, маданиятына шек келтирип, үрп-адатка туура келбеген сөздөрдү сүйлөп элди эки ажырымга бөлүүдө.
Улуу устаздардын аброюна шек келтирип жайында жаткан Чубак устаздын артынан ар кандай жалаа жабып жаман көрсөтүүдө.
Булардын бул кыймылына карата тиешелүү тараптар тарабынан сөздөрүнө талдоо кылынып, баа берилип, жоопко тартылышы керек.

Себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21-беренесинде 1) адам укугун жана эркиндигин кемсинткен наркты, үрп-адаттарды жана салттарды сактоо менен Кыргызстан маданиятынын өнүүгүсүнө камкордук көрөт.

2) Улууларды урматтто, кичүүлөрдү ызаатто элдин ыйык салты деп турат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын 330- беренесинде расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу.

1. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар- намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармактарынын жардамы менен жасалса, эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга
чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат!

Каналга катталып видеону жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар жана лайк басып, комментарий калтырыңыздар!

Толук видео төмөнкү шилтемеде: https://youtu.be/jD9k_W5Y4-Y

instagram: www.instagram.com/bilim.mainaev?igsh=dXloYnJ4a2N6Y
tik-tok: www.tiktok.com/@bilim.mainaev?_t=8lqRki8OwBl&_r=1

366 - 10

Билим Майнаев
Posted 4 months ago

Ассалому алейкум достор! Жараткан насип кылып кезектеги кайрымдуулук ишибизди жасадык.
Кайсы элден көрсөң зайыпты, ошол элдин уулдарына айт айпты дейт. Анара эженин жашоосун, акылбалын көрүп карап тура алган жокпуз. Тагдырдын сыноосу экен эки кызы ДЦП болуп оруп калган анысы аз келгенсип зөөкүрлөр тараптан эки кызы зордукталган. Кабыргаң кайышат кандай адам ушундай ишке барды экен деп. Кыздары төрөп аларды да Анара эже багат ксыкасы кыйын жашоо...
Бизде Ислам деген инибиз курма салып жиберген, ошол кураманы элге сатып, ошол акчанын үстүнө кошуп бүгүн ушул үй-бүлөгө үй алып бердик.
Ушул ишке себепкер болгон Ислам инибизге жана Артвин компаниясынын жетекчиси Адыл досума жана курманы жебесе деле жардам болсун деп алып койгон биздин катталуучуларбызга, кыргыз элине ыраазычылык билдиребиз!
Андан тышкары ушул уй-бүлөнү баарын магазинге алып
барып, кийим сатып алып берип кубанткан Азиз иниме ыраазычылык!

Жакшылыкты жайылтып, видеону жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар жана каналга катталып, лайк басып, комментарий калтырыңыздар!
Видео толугу менен👇🏻
https://youtu.be/6GfNMv71vcM?si=QOlh2...

инстаграм: www.instagram.com/bilim.mainaev?igsh=dXloYnJ4a2N6Y…
тик-ток: www.tiktok.com/@bilim.mainaev?_t=8lqRki8OwBl&_r=1

#билиммайнаев #кайрымдуулук #кыргызстан #садака

250 - 33